ЖАШТАР ЛАБОРАТОРИЯСЫ
СЫНАКТЫН ШАРТТАРЫ

Көңүл буруңуздар!

Айтып гана тим болбостон, ой-пикириңерди ишке ашыруу маанилүү. Бизге айткан сунушун ишке ашыра алчу катышуучулар керек. Жаштардын калың катмарына шайлоо укугу тууралуу маалыматты жайылтчу катышуучуларды издейбиз.

1. Катышуучулар сынактын шарттары менен таанышып, берилген ыкмалардын бири аркылуу өтүнмө жибериши зарыл:
өтүнмөлөр саат 23:59 24.07.2020 чейин кабыл алынат.

2. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алышат.

3. Жеке тарап жана 3 кишиден көп эмес команда болуп катышса уруксат. Бир өтүнмөчү тарап бир гана команда менен катышча болот.

4. Катышуу формасын команданын атынан бир гана өтүнмөчү толтурат.

5. Сынакка катышуу үчүн бир же бир нече тема тандалып алса болот:
  • Эмне үчүн добуш берүү ушунчалык маанилүү?
  • Добушуңузду сатпоо эмне үчүн ушунчалык маанилүү?
  • Административдик ресурс деген эмне, аны шайлоодо эмне үчүн колдонууга болбойт?
  • Добуш берүүнүн купуялуулугун сактоо эмне үчүн ушунчалык маанилүү?

6. Сынакка катышуу шарттары, ошондой эле башка процедуралык суроолор боюнча катышуучулар shaila.kg2020@gmail.com электрондук дарегине кат жиберсе болот.
7. Катышуучулар берилген мөөнөттөрдү сактоого милдеттүү.

Июль 25-нен 28-не чейин БУУнун Өнүктүрүү Программасынын, БШКнын, жарандык активисттердин, медиа, таасирлүү инсандардын (инфлюэнсер) өкүлдөрүнөн түзүлгөн 5 кишиден турган калыстар тобу жаштар лабораториясына катышуу үчүн 30-40 адамды тандайт.

Июль 31-нен Август айынын 1-не чейин сынактын экинчи этабында тандалган катышуучулар “Жаштар лабораториясы” аталышындагы агартуучулук иш-чарага катышат.

Август айынын 1-нен 8-не чейин катышуучулар “Жаштар лабораториясынан” алынган маалыматтын негизинде өз идеяларын ийине жеткирип ишке ашырат (жарыялайт).

Август айынын 23 калыстар тобу жарыкка чыгып ишке ашырылган медиа-өнүмдөрү жана иш-чаралар канча адамды тарта алганын, ошондой эле алардын сынактын этикалык критерийлерине жана максаттарына шайкештигин карап чыгат. Жыйынтыктарды көзөмөлдөө үчүн #шайла #голосуй хештеги колдонулат.

Август айынын 24 саат 13:00дө статистикалык эсептөөлөрдүн натыйжасында эң көп аудиторияны тарта алган 5 жеңүүчү аныкталат, алардын ар бири баалуу белектерге ээ болот.

Жаштар лабораториясы - эки күндүк он-лайн иш-чара, анын жүрүшүндө кийинки темаларды өз ичине камтыган бир нече тренинг, чебер-класстар жана консультациялар сунушталат:
  • шайлоо укугу;
  • дизайн-ой-жүгүртүү;
  • долбоордо колдонулчу багыттар (мисалы SMM, анимация, видео тартуу, баян айтуу (сторителлинг)) боюнча чебер-класстар.
Лаборатория катышуучулар шайлоо процессининин өзгөчөлүгүн жакшы түшүнүш, медиа технологиялар тармагында адискөй жөндөмдүүлүктөрдү өстүрүү, демократиялык шайлоонун маанисин жана баалуулугун түшүнүш жана белгилүү бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулат. Ошентип катышуучулар эффективдүү медиа-өнүмдөрдү иштеп чыгат жана агартуучулук иш-чараларын мыкты натыйжалар менен өткөрүшөт.

8. Сынактын калыстар тобун БУУнун Өнүктүрүү Прогаммасы бекитет.

9. “Жаштар лабораториясынын” 30-40 катышуучусун баалардын суммасынын негизинде калыстар тобу аныктайт. Долбоорлорду баалоо кийинки критерийлерге ылайык өтөт:
  • Тематикага туура келүүсү,
  • Ишке ашыруу мүмкүндүгү,
  • Жаратмандык (креативдүүлүк),
  • Аудиторияны тартуу потенциалы.
Баалоо 5 балл системасында болот, минималдуу балл 1 – критерийге аз шайкеш, ал эми максималдуу балл 5 - жогорку шайкештик. Лабораториянын катышуучуларынын так саны БУУӨП тарабынан калыстар тобунун бааларын чогултуудан кийин 31-40-орундарды ээлеген катышуучулардын өтүнмөлөрүнүн мазмунуна жараша аныкталат.

10. Толукталган долбоорлордун негизинде маалымат кампаниялары өткөрүлгөн соң, калыстар тобу Тиркеме 2 формасын колдонуп, кийинки критерийлерге ылайык жеңүүчүлөрдү аныктайт:
  • тематикага ылайык (ооба/жок);
  • этикалык критерийлерге ылайык (ооба/жок);
  • көрүү, лайк жана комментарийлердин санына карата аудиториянын көңүлүн тартуу (уюштуруучулар интернетте бар маалыматка жараша эсептеп чыгышат).
Жеңүүчүнү аныктоо кийинки ыкма менен өткөрүлөт: катышуучулар аудиторияны тартууга ылайык тескелет (биринчи орун - эң көп санда тартуу), калыстар тобунун бардык мүчөлөрүнүн көз карашында тематика жана этикалык критерийлерге ылайык келген бешөө жеңүүчү деп таанылат.

11. Этиканы сактоо боюнча тескеме


Катышуучулар эң жогорку этикалык стандарттарды карманышат деген үмүт бар. Алар кийинкилерди камтыйт, бирок алар менен гана чектелбейт:

Калыстык. Долбоор катышуучу же команда сунуштаган долбоор көз карандысыз жана жаңы идеяны көрсөтүшү зарыл.

Мыйзамдуулук. Кыргыз Республикасынын бардык мыйзамдарын сактоо милдеттүү шарт.

Конфиденциалдуулукту жана интеллектуалдук менчикти сыйлоо. Конфиденциалдуу маалымдамалар, ошондой эле патенттер, автордук укук жана башка интеллектуалдык менчик формалары сакталышы керек.
Айлана-чөйрөнү коргоо. Айлана-чөйрөнү жана анын организмдерин зяындан коргоо сынактын катышуучуларынын жоопкерчилиги.

Жаныбарларды коргоо. Жаныбарларга тиешелүү камкордук жана сый мамиле болуш керек. Жаныбарларды долбоордо колдонууда багытточу принциптерге кинйинки “төрт принцип” кирет: ордуна башканы колдонуу, азайтуу, жакшыртуу, сыйлоо.

Адамды - катышуучуну коргоо. Долбоорго тиешеси бар бардык катышуучулардын саламаттыгы жана бакубатчылыгы эң жогорку приоритет болуп саналат.

Алдамчылыкка жана мыйзамга ылайыксыз иш-аракеттерге бир дагы даярдануу жана атаандашуу деңгээлинде жол берилбейт. Бул өз ичине плагиат, жасамалдоо, башка катышуучунун эмгегин колдонуу же өздүк кылып тартуулоо, маалыматты бурмалоо дегендерди камтыйт. Алдамчылык долбоорлор сынакка катышууга мүмкүнчүлүк албайт. Уюштуруучулар кийин алдамчылык долбоору деп таанылган долбоорду кайрадан четке кагуу укугун өзүнө ыйгарышат.

Материал жана өнүмдөрдө дискриминациянын каалаган түрү, сабырдуулукту көрсөтпөө, агрессия жана кемсинтүү камтылуусу эч мүмкүн эмес жана катышуучуларды дисквалификациялоого алып келет.

12. Тордук укук

Берилген сынактын баалуу байгелерине ээ жеңүүчүлөр толугу менен жана эч кынтыксыз БУУӨПга (мындан ары текстте “Укук ээси”) сынак алкагында алар жараткан - интеллектуалдык менчикке (мындан ары текстте “Чыгарма”) өзгөчө укуктарды тапшырып беришет. Чыгармага ээ болуу өзгөчө укугу толук өлчөмдө жана колдонуу территориясы боюнча чексиз ыйгарылат.

Сынактын жеңүүчүлөрү төмөндөгүлөр боюнча кепилдик берет жана ынандырышат:
· Укук ээсинин шарттары менен толук жана эч кынтыксыз макул;
· алар Чыгарманын автору жана бардык элементтеринин ээси;
· Чыгарманы жаратуу жана өзгөчө укуктарды тартуулоо үчүнчү тараптын укуктарын жана кызыкчылыктарын бузбайт;
· сынакка катышуу учурунда, Жеңүүчүлөр толук өлчөмдө субъектке ээ болуу укугуна ээ, өз кызыкчылыктарынын негизинде жана эч бир мажбурлоо жана физикалык/психологиялык басымсыз аракеттенип жатышат.

This site was made on Tilda — a website builder that helps to create a website without any code
Create a website